Редакцияот 09.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 9-июну № 4

Кеңеш-Суу Суу Пайдалануучулар Ассосациясынын 28-Пикетиндеги Боз каналын айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө

Кеңеш-Суу Суу Пайдалануучулар Ассосациясынын 09.06.2023-жылдагы № 04 сандуу катындагы 28-Пикетинен кетүүчү Боз каналын жана айыл өкмөт башчысы М.М.Алкадыровдун ооз эки кайрылуусундагы жалпы айылдардагы каналдарын айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине өткөрүү максатында Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXVI-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Кеңеш-Суу Суу Пайдалануучулар Ассосациясынын 28-Пикетинен кетүүчү узундугу 2,8 км “Боз” каналын, Сеитказы айылындагы – 8км, Кызыл-Октябрь айылындагы – 3км, Шыдыр айылындагы – 4,1км, Коткор-1-Май айылдары – 12км аралыктагы каналдарын айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине өткөрүү жагы жактырылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана жер адисине милдеттендирилсин.

 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.

 

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.

 

5. Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К.Айдаров