КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз 15 сессиясы
2023-жылдын 5-июну №01-3/1
Күбөлүк, көктөмөлөрдү кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз 15 сессиясынын протоколунун чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 10-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө” №82 сандуу Мыйзамын жетекчиликке алып Көк-Сай айылдык аймактык кенеши токтом кылат.
1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айылдык аймагынын “Жайыт пайдалануучулардын бирикмеси ” аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары фирмалык аталышы Талас облусунун Айтматов районунун Көк-Сай айылдык аймагынын “Жайыт пайдалануучулардын бирикмеси” аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) болуп өзгөртүлсүн.
2. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары фирмалык толук аталышы:
-мамлекеттик тилде: Талас облусунун Айтматов районунун Көк-Сай айылдык аймагынын Жайыт пайдалануучулардын бирикмеси” аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
- расмий тилде: Органы территориального общественного самоуправления “Обьединение пастбищепользователей Кок-Сайского айыльного аймака Айтматовского района Таласской области.
3. Мекеменин юридикалык дареги өзгөртүлүп, Талас облусу, Айтматов району, Көк-Сай айылы, К.Нукеев көчөсү №20 болуп аныкталсын.
4. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн жана кайра каттоодон өткөрүү Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин төрагасы Кочербаев Жумасан Каныбековичке жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Т.Салыбеков. |