Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз 15 сессиясы

2023-жылдын 5-июну №01-3/4

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, 2022-жылдын 18- январында №4 сандуу кабыл алынган “Салык кодексин колдонууга киргизүү”жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги №78 мыйзамынын редакциясына ылайык мүлк салыгын карап берүү жөнүндө

Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чомотоевдин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-беренесиндеги имарат жайлардын зоналык коэффициентин өзгөртүү боюнча кайрылуусун карап, Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз №15 сессиясы токтом кылат.

 

1.  Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-беренесинин калктуу конуштардагы имарат жайлардын зоналык коэффициентинин 1,0 деп көрсөтүлгөн чен бирдиги 1,2 чен бирдигине көтөрүлсүн.

2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Сай айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси Т.Сыдыковго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т.Салыбеков.