КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз 15 сессиясы
2023-жылдын 5-июну №01-3/5
Күбөлүк, көктөмөлөрдү кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз 15 сессиясынын протоколунун чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 10-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө” №82 сандуу Мыйзамын жетекчиликке алып Көк-Сай айылдык аймактык кенеши токтом кылат.
1. Талас облусунун Кара-Буура районунун “Көк-Сай айылдык аймактык кенеши” мекемесинин фирмалык аталышы Талас облусунун Айтматов районунун “Көк-Сай айылдык аймактык кенеши” мекемеси (мындан ары-мекеме) болуп өзгөртүлсүн.
2. Мекеменин фирмалык толук аталышы:
-мамлекеттик тилде: Талас облусунун Айтматов районунун Көк-Сай айылдык аймагынын “Көк-Сай айылдык аймактык кеңеши”мекемеси.
-расмий тилде: Учреждение “Кок-Сайский айыльный аймакский кенеш” Айтматовского района Таласской области.
3. Мекеменин юридикалык дареги өзгөртүлүп, Талас облусу, Айтматов району, Көк-Сай айылы, К.Нукеев көчөсү №20 болуп аныкталсын.
4. Мекеме мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн жана кайра каттоодон өткөрүү мекеменин башчысы Чомотев Канат Керимкуловичке жүктөлсүн.
5. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Т.Салыбеков. |