АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 21-сессиясы
2023-жылдын 10-августу № 88
Ижара акысы боюнча жеңилдик берүү жөнүндө
Айдоо жерлерин максаттык багытта эффективдүү колдонуу, колдонулбаган, бузулган жерлерди азайтуу максатында, ошондой эле жарандарга ижарага рекультивацияны талап кылган, бузулган жерлерди (жердин топурагы жана башка сапаттык көрсөткүчтөрү бузулган)берүү максатында.
Республикалык кыртыштык-агрохимиялык станциянын корутундусунун негизинде (2020-жылдын ноябрь айындагы) жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат :
1. № 192 контурдагы 4,40 га сугат жеринин ижарачысы Малдыбаев Нурлан Кисиловичке биринчи 3 (үч) жылда ижара акысы жер салыгынын өлчөмүндө белгиленсин, кийинки жылдары келишимге ылайык.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.
Төрайым | Давузова М.Ю. |