АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 21-сессиясы
2023-жылдын 10-августу № 84
Товардык-материалдык баалуулуктарды негизги каражаттардын эсебинен чыгаруу жөнүндө
Айылдык кеңештин пландоо-бюджеттик, социалдык мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Т.Булазованын товардык-материалдык баалуулуктарды негизги каражаттардын эсебинен чыгаруу жөнүндө, ошондой эле Александровка айыл өкмөтүнүн менчигиндеги мекемелердин капиталдык оңдоо иштеринен калган колдонулган курулуш материалдарын сатуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 27, 34 беренелерине ылайык
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Александровка айыл өкмөтү тиешелүү адистерди тартуу менен имараттарды жана мекемелерди капиталдык оңдоо иштерин аяктагандан кийин колдонулган курулуш материалдарына баасын чыгарсын.
2. Баасы чыгарылган колдонулган курулуш материалдары жана товардык материалдык баалуулуктар оңдоо иштери жүргүзүлгөн мекеменин балансына коюлсун.
3. Баланска коюлган колдонулган курулуш материалдары жана товардык материалдык баалуулуктар оңдоо иштерине (мүмкүн болгон учурда) жөнөтүлсүн же ачык аукциондон сатылсын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсептен чыгарылсын.
4. Ушул Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.
Төрайым | Давузова М.Ю. |