Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 21-сессиясы

2023-жылдын 10-августу № 82

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерин ижарага берүү боюнча Александровка айыл аймагынын жер комиссиясы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жобосунун, айылдык кеңештин айыл чарба, жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 08-августундагы протоколунун негизинде

 

Александровка айылдык кеңеши токтом кылат :

 

1.  Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерин ижарага берүү боюнча Александровка айыл аймагынын жер комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин:

1)  Ясыров Арсмане Сулейманович – комиссиянын төрагасы, Александровка айылдык кеңешинин депутаты (макулдашылган);

2)  Капаева Азиса Тилебалдиевна – комиссиянын катчысы, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;

3)  Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы;

4)  Муваза Сульмане Хусеевич - Александровка айылдык кеңешинин депутаты (макулдашылган);

5)  Джайлюпов Акылбек Джумаханович – айыл өкмөтүнүн жер меселелери боюнча башкы адиси;

6)  Ляляза Абубекар Завазович – айылдык аймактын коомдук өкүлү;

7)  Мырзалиев Руслан Кубатбекович – Беш-Көрүк айылынын башчысы;

8)  Уметбаев Улан Иманбекович – Крупское айылынын башчысы;

9)  Москва райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү (макулдашуу боюнча);

10)  Исмаев Ахмет Арзиевич – Александровка айылдык кеңешинин депутаты (макулдашылган);

11)  Хиязов Джумар Юнузович – жер, турак жай маселелери, жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаалдар боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси;

 

2.  Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерин ижарага берүү боюнча Александровка айыл аймагынын жер комиссиясынын иштөө регламенти бекитилсин.

3.  Александровка айыл өкмөтүнүн башчысына айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерди ижарага берүү, үлүш жерлерин, жер тилкелерин берүү жана бекитүү, башка жер боюнча талаштуу маселелери боюнча комиссия түзүүдө айылдык кеңештин айыл чарба, жер жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттарын комиссиянын курамына кошуу сунушталсын.

4.  Александровка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-июлундагы №19 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин (жаңы редакцияга байланыштуу);

5.  Ушул Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин айыл чарба, жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Х.Мувазага жүктөлсүн.

 

Төрайым

Давузова М.Ю.