Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 21-сессиясы

2023-жылдын 10-августу № 81

Административдик-аймактык реформа өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” №350 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамынын 12-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин, 2023-жылдын 04-августундагы жана 2023-жылдын 08-августундагы Александровка айыл аймагындагы жыйналыштардын протоколдорунун негизинде

 

Александровка айылдык кеңеши токтом кылат :

 

1.  Александровка жана Садовое айыл аймактарынын биригүүсүндө Александровка айылы административдик-аймактык борбору болуп көрсөтүлсүн.

2.  Александровка айыл аймагындагы айылдардын аталыштары мурункадай калсын:

-  Александровка айылы – Александровка айылы;

-  Беш-Көрүк айылы – Беш-Көрүк айылы;

-  Крупское айылы – Крупское айылы;

4.  Ушул Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.

 

Төрайым

Давузова М.Ю.