КР 2007-жылдын 30-июлундагы № 103
Мыйзамы менен ратификацияланган Бишкек шаары2005-жылдын 10-августу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин керектөөлөрү үчүн Бишкек шаарында жана Астана шаарында имараттар менен жер участокторун акысыз пайдаланууга өз ара берүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан РеспубликасынынӨкмөтү, мындан ары "Тараптар" деп аталуучулар, - Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигининжана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигининжайгашуусуна жана иштөөсүнө тиешелүү шарттарды камсыз кылуу максатында, - Кыргыз Республикасы Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" турак-жай шаар-часында жайгашкан, жалпы аянты 531,66 кв. метрди түзгөн № 17 коттеджинежана аянты 0,17 гектарга барабар болгон жер участогуна менчик укугунаээ экендигин эске алуу менен, - Казакстан Республикасы Астана шаарындагы Дипломатиялык шаарчадажайгашкан, жалпы аянты 555,9 кв. метрди түзгөн № В-5 коттеджине жанааянты 0,247 гектарга барабар болгон жер участогуна менчик укугуна эээкендигин көњүлгө алып, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Кыргыз Тарабы Казакстан Республикасына Бишкек шаарынын "Ала-Арча"турак-жай шаарчасында жайгашкан, жалпы аянты 531,66 кв. метрди түзгөн №17 коттеджин жана аянты 0,17 гектарга барабар болгон жер участогун 49жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга өткөрүп берет. 2-статья Казакстан Тарабы Кыргыз Республикасына Астана шаарынын Дипломатия-лык шаарчасында жайгашкан, жалпы аянты 555,9 кв. метрди түзгөн № В-5коттеджин жана аянты 0,247 гектарга барабар болгон жер участогун 49жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга өткөрүп берет. 3-статья Ушул Макулдашуунун 1 жана 2-статьяларында белгиленген жана мынданары "кыймылсыз мүлк" деп аталуучу имараттар жана жер участоктору Тарап-тар тарабынан Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчи-лигинин жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчили-гинин керектөөлөрү үчүн пайдалануу максатында өткөрүлүп берилет жанаДипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдын 18-апрелиндеги
Вена конвен-циясында белгиленген өкүлчүлүктүн имараттарынын статусуна ээ болушат. 4-статья Ушул Макулдашуунун 1 жана 2-статьяларында белгиленген кыймылсызмүлк келген мамлекетте алынуучу салыктардын жана жыйымдардын бардыктүрлөрүнөн бошотулат. 5-статья Кыймылсыз мүлктүн капиталдык жана күнүмдүк оњдоолорун жүргүзүүгөбайланышкан бардык чыгымдарды мындай мүлктү ижарага алуучу Тарап өзэсебинен жабат жана имарат менен анын тегерегиндеги аймакта орнотулганбардык техникалык жабдуулардын толуктугу, сактыгы жана оњ абалы үчүнтолук жоопкерчилик тартат, ошондой эле келген мамлекетте колдонулупжаткан ченемдерге ылайык коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана байланыштейлөөлөрү үчүн төлөмдөрдү жүргүзөт. 6-статья Кыймылсыз мүлктү Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасында-гы Элчилигинин жана Казакстан Республикасынын Кыргыз РеспубликасындагыЭлчилигинин керектөөлөрү үчүн бири-бирине накталай өткөрүп берүү тие-шелүү адамдардын имараттарды кабыл алуу-өткөрүп берүү Актыларына колкоюусу аркылуу ишке ашырылат. Тараптар өткөрүлүп берилип жаткан кыймыл-сыз мүлккө тиешелүү бардык зарыл документтерди бири-бирине берүүгө мил-деттенишет. Тараптар кыймылсыз мүлктү анын ушул Макулдашууга кол коюу учурундаболгон абалында накталай өткөрүп берүүгө жана Тараптардын, же болбосо,үчүнчү жактардын эч кандай иш-аракеттери кыймылсыз мүлктүн абалынтүздөн-түз же кыйыр түрдө төмөндөтпөшү үчүн бардык чараларды көрүүгөмилдеттенишет. 7-статья Тараптар Макулдашууга кол коюлуп жаткан учурда жана кыймылсызмүлктү накталай өткөрүп берүү мөөнөтүнүн ичинде алардын өткөрүлүп бери-лип жаткан кыймылсыз мүлккө карата үчүнчү тараптардын алдында кандай-дыр-бир милдеттенмелери жок экендигин кепилдейт. 8-статья Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагысбөлүгү болуп эсептелген атайын протоколдор менен таризделет. 9-статья Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттикички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуужүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана 49 жылдыничинде колдонулат. Анын аракети Тараптардын өз ара макулдугу боюнчаузартылышы мүмкүн. Тараптардын ар бири ушул Макулдашуунун аракетин токтотууга болгонөзүнүн ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү экинчи Тарапка жөнөтүүжолу менен бул Макулдашууну денонсирлей алат. Мындай учурда бул Макул-дашуу Тараптардын бири анын аракетин токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгүбилдирүүнү алган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин өз күчүн жоготот. Бишкек шаарында 2005-жылдын 40-августунда эки нускада, ар бирикыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-дей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келипчыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн