Редакцияот 16.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

2023-жылдын 16-февралы № 10

Жөлөк пул алууга иш кагаздарын тапшырууга кезекке туруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылында жөлөк пул алуучу тургундар иш кагаздарын тапшыруу күнү саат 9:00 гө келип чүчү кулак аркылуу гана кезекке коюлсун.

2.Чүчү кулак уюштуруп, токтомго ылайык тартипке салуу жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө, социалдык маселелер боюнча адисине жана иш кагаздар боюнча адиси О.Пайзуллаевага жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

 

Айылдык

кеңештин төрайымы

 

Ж.Шадиманова