КАРА-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2023-жылдын 16-февралы № 06
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн 2022-жылга карата аткарылыш абалы жөнүндө отчету
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Эрматовдун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн 2022-жылга карата аткарылыш абалы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн 2022-жылга карата аткарылыш абалы жөнүндөгү отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Ж.Шакиров |