Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2023-жылдын 16-февралы № 10
Кара-Булак айылынын ички чарбалык каналын Кара-Булак айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 13-февралындагы “ Кара-Булак айылынын ички чарбалык каналын Кара-Булак айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүү жөнүндө” №56 сандуу чыгыш каты боюнча айыл өкмөт башчысы А.Мисиралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Булак айылындагы ички канал (кароосуз калган) Кара-Булак айыл өкмөтүнүн карамагына алынсын.
2. Айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон иш-кагаздарды даярдап, жогоруда аталган каналды айыл өкмөтүнүн карамагына алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Ж.Шакиров |