Редакцияот 10.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бостери айылдык кеңешинин депутаттарынын XXIX чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

2022-жылдын 10-февралы № 05

Жергиликтүү маанидеги «тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу,ошондой эле инвестицияны жана гранттарды тартуу» маселесин башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27,34-беренелерине ылайык, Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевдин дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууга байланыштуу чаралар боюнча сунушун угуп, Бостери айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Жергиликтүү маанидеги “Тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияны жана гранттарды тартуу» маселесин башкаруу тартиби дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселелери 1-тиркемеге ылайык киргизүү менен бекитилсин.

 

2.Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы Тартиптин бекитилген функцияларын аткаруу, кызматтарды уюштуруу жана милдеттенмелерди аткаруу бөлүгүнүн ишке ашырылышын камсыз кылсын.

 

2.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бостери айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Сопуевге жана айылдык кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Э.Усубалиев

 

Бостери айылдык кеңешинин

XXIX чакырылышынын

кезектеги XVI сессиясынын

10.02. 2023-ж № 05

токтомуна 1-Тиркеме

 

Жергиликтүү  маанидеги  «Тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияны жана   гранттарды тартуу» маселесин чечүүнүн алкагында дыйкандардын сугат сууга жетишин камсыз кылуу боюнча кызматтардын, функциялардын милдеттенмелердин тизмеги

 

№

Кызматтардын, функциялардын милдеттенмелердин аталышы

Аткаруу үчүн жооптуу жак

1.Кызматтар

1.1

Сугат суусун пайдалануучуларга жеткирүү

Суу пайдалануучулар ассоцациясы(келишим боюнча)

2.Функциялар

2.1

Айыл өкмөтүнүн башчысынын бассейиндик кенешмесине катышуусу

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.2

Муниципалдык менчиктердин реестринде ирригациялык курулмаларды эсепке алууну жүргүзүү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.3

Кызмат көрсөтүүчүлөр менен иригациялык курулмаларды колдонуу боюнча келишим түзүү,кол коюу жана аткарылышын көзөмөлдөө

Айыл өкмөтүнүн

ФЭБ бөлүмү

2.4

Суу пайдалануу, эксплуатациялоо жана иригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү

Айыл өкмөтү Айылдык кенеш

2.5

Суу чарбасынын райондук башкармалыгы менен сугат суусун жеткирүү келишимин түзүү жана аткарылышын көзөмөлдөө

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.6

Суу колдонуу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылууэрежелерин бузганы үчүнсуу пайдалануучулардан административдик жоопкерчилик маселелери боюнча административдик комиссиянын ишин уюштуруу

Айыл өкмөтүнүн башчысы

Айылдык кенеш

2.7

Ирригациялык кызматтардын төлөмүнүн (ИКТ) наркын эсептөө жана бекитүү

Айыл өкмөтү Айылдык кенеш

2.8

Бостери айыл аймагында ирригацияны өнүктүрүүбоюнча инвестициялыкпрограмманы иштеп чыгуу жана бекитүү

Айыл өкмөтү Айылдык кенеш

3. Милдеттенмелер

3.1

Ирригациялык курулмаларды кызмат көрсөтүүлөргө муниципалдык мүлктүн объекттери катары колдонууга берүү

Айыл өкмөтү Айылдык кенеш

3.2

Ирригациялык курулмаларды камсыз кылууга амортизациялык чегерүүлөрдү толук же жарым жартылай компенсациялоо

Айыл өкмөтү Айылдык кенеш

3.3

Суу пайдалануучулардын айрым категорияларына субсидияларды бөлүп берүү

Айылдык кенеш

 

3.4

Субсидия аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн чыгымдарын компенсациялоо

Айыл өкмөтүнүн башчысы