Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги
19- сессиясы
2023-жылдын 21-январы № 19-4
Алашан айылынын жашоочуларынын, эски мал-сарай жөнүндөгү арызын канааттандыруу максатында
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Алашан айылынын жашоочуларынын, сатылып кеткен эски мал сарай туралуу жазган арызын карап, талкуулап, мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда Алашан айылынын тургундарынын арызын карап, талкуулап бул маселе боюнча сотко же укук коргоо органдарына кайрылуусу сунушталсын.
2. Алашан айылынын тургундарынын арызы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жооп берүү жана тийиштүү мекемелерге жеткирүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевге жер адиси М.Калматовго юристи Ж.Сарыбаевге жана Алашан айылынын айыл башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Алашан айылынын тургундарына жүктөлсүн
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы: |
Р. Арапов |