Редакцияот 21.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги

19- сессиясы

2023-жылдын 21-январы № 19-5

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевдин 2023-жылдын 19-январындагы № 12 сандуу катын кароо жөнүндө

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевдин 2023-жылдын 19-январындагы №12 сандуу катын жана Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 21-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27- беренесинин 15-пунктуна жана 51-беренесинин 7- пунктуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Көк-Жар айыл аймагындагы жарандардын турак-жай боюнча жазган арыздарын канаттандыруу максатында таштак жайыт жана кайрак жерлеринен

-  Ак-Өтөк айылы №1522контурунан 14га, №1697контурунан 4га, №1494контурунан 8,5га

-  Жийде айылы №1275-контурунан 30га.

-  Сарыкаңды айылы № 213 контурунан 20га, №596-597- контурунан 10га, №599 контурунан 15га, №610-контурунан 10га, №295-контурунан 3,25га.

-  Каранай айылы №1472-контурунан 25га.

-  Алашан айылы №756-контурунан 15га.

-  Борбаш айылы №1383-1076 контурунан 25га.

-  Көк-Жар айылы № 1395-1396- контурунан 7га.

186.75га жер аянтына калктуу конуштун жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.

 

2.  Мындан ары Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 21-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27- беренесинин 15-пунктуна жана 51-беренесинин 7- пунктуна ылайык иш алып баруу жагы. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевге жана айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси М.Калматовго тапшырылсын

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр жай иштетүү, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Көк-Жар айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Р. Арапов