Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-ноябрындагы №165
Мыйзамы менен ратификацияланган Астана шаары 2006-жылдын 4-июлу Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасында биргелешкен контроль жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-нен Казакстан Республикасынын Өкмөтү, 1999-жылдын 24-сентябрындагы Бажы союзуна катышуучу мамлекеттердинортосунда ташылуучу товарларды бажылык тариздөөнүн жөнөкөйлөтүлгөн тар-тиби жөнүндөгү макулдашууга, 2000-жылдын 17-февралындагы Бажы союзунакатышуучу мамлекеттердин бажы органдарынын ортосунда ташылуучу товар-ларга жана транспорт каражаттарына бажы көзөмөл жүргүзүү жөнүндөгү про-токолго, 1999-жылдын 15-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мененКазакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Алматы-Бишкек маршрутубоюнча чегаралык өтүү жөнүндөгү
макулдашууга негизденип; "бир аялдама принциби" боюнча мамлекеттик чегарадагы контролдуннатыйжалуулугун камсыздоону каалап; жеке адамдардын жана товарлар жана транспорт каражаттарынын чегарааркылуу өтүшүн биргелешкен контроль жүргүзүүдө жана аларды тариздөөдөмамлекеттик чегарада Тараптардын контролдоочу органдарынын ортосундагыөз ара аракетти күчөтүүнүн зарылдыгын моюнга алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Бул Макулдашуудагы түшүнүктөр төмөнкү мааниде пайдаланылат: "биргелешкен контроль" - адамдарды, товарларды жана транспорт ка-ражаттарын биргелешкен өткөрүү пункттары аркылуу өткөрүүдө Тараптардынмамлекеттеринин контролдоочу жана башка контролдоочу органдары тарабы-нан бирге колдонулуучу жана ишке ашырылуучу аракеттердин, чаралардын,ыкмалардын, каражаттардын жана контроль формаларынын жыйындысы; "контролдоочу органдар" - Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мый-замдарына жана ушул Макулдашууга ылайык өткөрүү пункттарында мамлекет-тик контролдоо милдети жүктөлгөн Тараптардын мамлекеттеринин чегаралыкжана бажы кызматтары; "башка контролдоочу органдар" - Тараптардын мамлекеттеринин улут-тук мыйзамдарына ылайык өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоомилдетин жүргүзүүчү Тараптардын мамлекеттеринин башка мамлекеттик ор-гандары же кызматтары; "контролдоо зонасы" - чегинде Тараптардын мамлекеттеринин контрол-доочу органдары же башка контролдоогу органдары биргелешкен контрольжүргүзүүчү Тараптардын мамлекеттеринин биргелешкен өткөрүү пункттарын-дагы кирүү чектелген, атайын белгиленген зона; "бир аялдама" принциби" - кыргыз-казак мамлекеттик чегарасынанөтүүдө жеке адамдарды, товарларды жана транспорт каражаттарын бир жолкутоктотуу менен биргелешкен контроль жүргүзүү; "кызмат адамдары" - Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу ор-гандарынын жана башка контролдоочу органдарынын биргелешкен контрольжүргүзүүчү кызматкерлери; "биргелешкен өткөрүү пункту" - бир же экинчи Тараптын мамлекетининбиргелешкен контроль жүргүзүлүүчү жана адамдардын мамлекеттик чегараданөтүүчү жери, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин аймагына/ан товар-ларды жана транспорт каражаттарын алып келүүчү жана алып кетүүчү жериболуп эсептелүүчү өткөрүү пунктунун аймагы. 2-статья. Тараптардын мамлекеттеринин бул Макулдашууну жүзөгө ашырууга жооп-туу ыйгарым укуктуу органдары болуп төмөнкү органдар эсептелет: Кыргыз Республикасында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспек-циясы; Казакстан Республикасында: Казакстан Республикасынын Финансы министрлиги. Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын расмийаталыштары же иш-милдеттери өзгөрсө Тараптар ал жөнүндө дипломатиялыкканалдар аркылуу өз убагында билдиришет. 3-статья. Бир Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдары ушул Макулдашуугаылайык экинчи Тараптын мамлекетинин аймагындагы биргелешкен өткөрүүпунктунун аймагында өз Тарабынын мамлекетинин аймагындагыдай эле конт-ролдоо зонасынын чектеринде колдонулат. Биргелешкен өткөрүү пунктунун аймагында бул мыйзамды бузуулар өзТарабынын мамлекетинин аймагындагы ушуга окшогон мыйзам бузуулардай элеукуктук натыйжаларга алып келет. 4-статья. Биргелешкен контроль Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу ор-гандары жана башка контролдоочу органдарынын ортосундагы өз ара аракет-тин негизинде "бир аялдама" принциби боюнча жүргүзүлөт. Биргелешкен контролду жүргүзүүдө анын төмөнкү ыкмалары колдонулат: - жеке адамдардын мамлекеттик чегараны кесип өтүшү жана товарлардыжана транспорт каражаттарын мамлекеттик чегара аркылуу алып өтүүжөнүндө маалымат алмашуу; - Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу органдарынын кызматадамдары тарабынан чегара аркылуу биргелешкен өткөрүү пунктунда бирге-лешкен текшерүүлөрдү, кароолорду, толук кароолорду өткөрүү; - Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу органдары жана башкаконтролдоочу органдары тарабынан Тараптардын мамлекеттеринин улуттукмыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык таризделген товарлар-дын документтерин таануу жана колдонуу; - Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана эларалыккелишимдерине каршы келбеген биргелешкен контролду жүргүзүүнүн учурдагыформаларын жана ыкмаларын колдонуу жана алардын жањы формаларын жанаыкмаларын иштеп чыгуу жана жайылтуу. Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу органдары жана башкаконтролдоочу органдары биргелешкен контролду жүргүзүүдө алардын баалоо,талдоо жана тобокелдикти башкаруу принциптерин ишке ашыруу менен бирге,аткарылышын контролдоо Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу орган-дарына жана башка контролдоочу органдарына жүктөлгөн Тараптардын мамле-кеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эларалык келишимдерин сактоону кам-сыздоо үчүн жетиштүү болгон формаларын колдонот. Тараптардын мамлекеттеринин чегара кызматтары Тараптардын мамле-кеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык, кыргыз-казак мамлекеттик чега-расынан өтүп жаткан жеке адамдарды контролдоонун башка түрлөрүнжүргүзүү укугун өздөрүндө калтырат. 5-статья. 1. Биргелешкен өткөрүү пункттары тиешелүү түрдө иштеши үчүнтөмөнкүлөрү менен камсыздалат: - биргелешкен өткөрүү пункттарынын иштешинин муктаждыктарын эскеалуу менен бирге жетиштүү сандагы дасыккан кызматчылар менен; - контролдоого тийиштүү товарлардын жана транспорт каражаттарынынтүрүн эске алуу менен бирге биргелешкен контролду жүргүзүү үчүн зарылболгон имараттардын, курулмалардын комплекси, жабдуулар, контролдоонунтехникалык каражаттары жана түзүлүштөрү менен; - кызмат адамдары Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынажана ушул Макулдашууга ылайык иштеши үчүн расмий нускамалар менен; - бажылык тариздөөнү жана бажы контролун, анын ичинде алдын аламаалымдоо жана тобокелдикти башкаруу системасын пайдалануунун негизиндежүргүзүү процессин автоматташтырууну камсыздоочу маалымат системаларыжана комплекстери менен. 2. Контролдоо зонасында биргелешкен контролду жүргүзүү үчүн болгонтехникалык каражаттарды колдонуу тартиби Тараптардын мамлекеттерининыйгарым укуктуу органдарынын макулдашуусу боюнча аныкталат. 6-статья. Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу органдарынын жана башкаконтролдоочу органдарынын кызматкерлеринин кыргыз-казак мамлекеттик че-гарасындагы биргелешкен өткөрүү пунктунда иштөө режими Тараптардын мам-лекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын макулдашуусу боюнча аныкта-лат. 7-статья. 1. Биринчи болуп адамдарды, товарларды жана транспорт каражаттарынконтролдоону аталган адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары айма-гынан чыгып жаткан Тараптын мамлекетинин кызмат адамдары жүргүзөт. Бул Тараптын мамлекетинин мыйзамынын контроль жүргүзүүгө байланыш-кан жоболору, анын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан контрольаяктаган учурдан баштап күчүн жоготот. 2. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында контроль жүргүзүп жатканТараптардын мамлекеттеринин контролдоочу органдарынын жана башка конт-ролдоочу органдарынын кызмат адамдары, адамдардын, ошондой эле өз мам-лекетинин аймагынан алынып чыгып жаткан товарлардын жана транспорт ка-ражаттарынын өтүшүн токтотуп, аларды өз мамлекетинин аймагына кайтаруу-га укуктуу. 3. Тараптардын мамлекеттерин чегарасы аркылуу адамдардын өтүшүндө,ошондой эле товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдө мыйзам бу-зуу аракеттерин же бузуулардын далилдерин жыйноону камсыздоо максатындаТараптар бири-бирине керектүү жардам көрсөтүүгө милдеттенет. 8-статья. Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасындагы өткөрүү пунктунда биргелеш-кен контролду жүргүзүү тартиби Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарымукуктуу органдары тарабынан кол коюлган жана Тараптардын мамлекеттери-нин тиешелүү контролдоочу органдары жана башка контролдоочу органдарыменен макулдашылган өзүнчө протокол менен аныкталат. Биргелешкен контролду жүргүзүү үчүн өткөрүү пунктунун инфраструк-турасы колдонулат. 9-статья. 1. Эгер контролдун башка түрлөрүн жүргүзүү зарылдыгы келип чыкса,контролдоочу органдар ал үчүн башка контролдоочу органдарга маалымдайтжана ишке тартат. 2. Биргелешкен өткөрүү пунктунда контролдоонун бир нече түрүжүргүзүлгөн учурда контролдоочу органдар жана башка контролдоочу орган-дар аларды бир мезгилде жана кыска убакытта жүргүзүү үчүн бардык тие-шелүү чараларды көрөт. 3. Биргелешкен өткөрүү пунктунан тышкары жерде контролдун ай-рым-бир түрлөрүн жүргүзүү зарылчылыгы келип чыкса, аларды улуттук мый-замдарга ылайык Тараптардын мамлекеттердин аймактарында жүргүзүүгө жолберилет. 10-статья. 1. Тараптар дипломатиялык ноталарды алмашуу жолу менен Тараптардынбиринин мамлекетинин контролдоочу органдары жана башка контролдоочу ор-гандары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында контроль жүргүзө турганбиргелешкен өткөрүү пункттарын аныктайт. 2. Контролдоочу органдар жана башка контролдоочу органдар бирге-лешкен өткөрүү пункттарынын контролдоо зоналарынын чегинде биргелешкенконтроль жүргүзөт. 11-статья. 1. Мамлекетинин аймагында биргелешкен контроль жүргүзүлүп жатканТарап экинчи Тараптын мамлекетинин контролдоочу органдарына жана башкаконтролдоочу органдарынын кызмат адамдарына контролдоо иш-аракеттеринжүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүк берет. 2. Контролдоо иш-аракеттерин аткарууга байланыштуу экинчи Тараптынмамлекеттин аймагында жүргөн, Тараптардын биринин мамлекетинин контрол-доочу органдарынын жана башка контролдоочу органдарынын кызмат адамда-ры, эгер бул Макулдашууда башкача каралбаса, жүргөн Тарабынын мамлеке-тинин мыйзамдарын сактоого милдеттүү. 3. Экинчи Тараптын мамлекеттин аймагында контроль жүргүзүп жаткан,Тараптардын мамлекеттеринин биринин контролдоочу органдарынын жана баш-ка контролдоочу органдарынын кызмат адамдарын жайгаштыруу жана которууТараптардын мамлекеттеринин контролдоочу органдарынын ортосундагы кели-шимдердин негизинде жүргүзүлөт. 4. Бул Макулдашууга ылайык, экинчи Тараптын мамлекетинин аймагын-дагы биргелешкен өткөрүү пунктунун аймагынын чегинде контроль жүргүзүпжаткан Тараптардын мамлекеттеринин биринин контролдоочу органдарынынжана башка контролдоочу органдарынын кызмат адамдары өздөрүнүн мамлеке-ти тарабынан аныкталган формалык кийимди кийишет, кызматтык айырмалообелгилерин тагынышат, өздөрү менен кошо кызматтык күбөлүктөрүн жанакызматтык жаныбарларды, ошондой эле контролдун жана байланыштын техни-калык каражаттарын алып жүрүшөт. 5. Экинчи Тараптын мамлекеттин аймагында биринчи Тараптын мамлеке-тинин кызмат адамдары тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу бо-юнча дооматтар жүргөн Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык каралат. 12-статья. 1. Контролдоочу органдардын жана башка контролдоочу органдардынкызмат адамдары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагындагы биргелешкенөткөрүү пунктунда милдеттерин аткаруу үчүн бара турган Тарабынын мамле-кетинин чегара органдары тарабынан берилүүчү өткөрмөнүн негизинде чега-раны кесип өтүшөт. 2. Тараптардын мамлекеттеринин чегара кызматтары өткөрмөлөрдүнүлгүлөрүн алмашат, тиги же бул Тараптын мамлекетинин аймагында жайгаш-кан биргелешкен өткөрүү пункттарында контроль жүргүзүү үчүн кызматадамдарынын чегарадан өтүү тартибин макулдашат жана бекитишет. 13-статья. 1. Жүргөн Тарабынын мамлекетинин аймагындагы тиешелүү органдарбайланыш каналдарын уюштуруп, аларды тиешелүү абалда кармап турат жанаэкинчи Тараптын мамлекетинин контролдоочу органдары жана башка контрол-доочу органдарын байланыш каражаттары жана маалыматтарды электрондукиштеп чыгуу үчүн жабдуулар менен камсыз кылат. 2. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында контролдоочу иш-аракет-терди жүргүзүп жаткан Тараптардын биринин мамлекетинин контролдоочу ор-гандары жана башка контролдоочу органдары экинчи Тараптын мамлекетининрадиобайланышынын ишине тоскоол болбоо үчүн, радиобайланыш каражаттарынпайдаланууну макулдашат. 14-статья. 1. Тараптардын мамлекеттердин биринин мыйзамын бузуулар аныкталганучурда, экинчи Тараптын мамлекетинин мыйзамын бузуулар болбосо, адамдарченемдери бузулган Тараптын мамлекетинин мыйзамына ылайык жоопкерчиликтартат. 2. Эки Тараптын мамлекетинин тењ мыйзамдары бузулган учурларда,адамдар жеке адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары аймагынан ке-тип же чыгып жаткан Тараптын мамлекетинин мыйзамына ылайык жоопкерчи-ликте болот. 15-статья. Тараптардын мамлекеттеринин контролдоочу органдары жана башкаконтролдоочу органдары зарыл учурда (биргелешкен контроль жүргүзүүгөтоскоол болуучу эпидемия, эпизоотия, табигый кырсыктар же башка өзгөчөкырдаалдар) өз мамлекетинин аймагына контроль жүргүзүү үчүн аныкталба-ган убакытка кайрылып келиши мүмкүн. Бул учурда экинчи мамлекеттин контролдоочу органдары жана башкаконтролдоочу органдарына тез аранын ичинде бул жөнүндө маалымат бери-лет. 16-статья. Бул Макулдашууну аткаруу үчүн кеткен чыгашаларды Тараптардын мам-лекеттеринин улуттук мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте Тараптарөз алдынча көтөрүшөт. 17-статья. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда келип чык-кан пикир келишпестиктер жана талаштар Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөрдүжана консультацияларды жүргүзүү жолу аркылуу чечилет. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашуугаөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуу-нун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет. 18-статья. Бул Макулдашуу аныкталбаган мөөнөткө түзүлдү, кол коюлган күндөнбаштап убактылуу колдонулат жана Макулдашуу күчүнө кириши үчүн керектүүмамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө Тараптар жазуужүзүндөгү акыркы билдирүүнү алгандан кийин күчүнө кирет. Бир Тарап экинчи Тараптын бул Макулдашуунун колдонулушун токтотуужөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алгандан баштап алты ай өткөндөнкийин, бирок Макулдашуунун жүрүшүндө келип чыккан финансылык жана башкамилдеттемелер жөнгө салынгандан кийин гана бул Макулдашуу өзүнүн колдо-нулушун токтотот. Астана шаарында 2006-жылдын 4-июлунда эки түп нускада, ар бирикыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдейкүчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун талкуулоодо пикир келишпестиктер келипчыкса, Тараптар Макулдашуунун орус тилиндеги текстине кайрылышат. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн