ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
2023-жылдын 15-июну № 45
“Тиешелүү экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин функциялардын жана милдеттердин тизмесин бекитүү тууралуу
Октябрь айылдык кеӊеш Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык Октябрь айыл өкмөт башчысы К.Кенжебаевди мал чарбачылыгын өнүктүүрү боюнча чаралар жөнүндө сунушун угуп Октябрь айылдык кеӊеш токтом кылат :
1.Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү маанидеги маселеси боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, милдеттердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бекитилген функцияларды аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү/жумуштарды жана милдеттерди аткаруу боюнча бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы К.Кенжебаевге бекитилген функцияларыдын аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана милдеттерди аткарууга тиешелүү бул токтомдун аткарылышы милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Октябрь айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Т.Т Иманалиев |