ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
2023-жылдын 15-июну № 48
Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүндө орто мөөнөтүү долбоорун бекитүү жөнүндө
Октябрь айылдык кеӊеш Октябрь айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы С.А. Маатказиева жана салык инспектору Б.Б.Шертаевдин маалыматын угуп Октябрь айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Октябрь айыл өкмөтүнүн 2024-2026 жж. киреше бөлүгүндө орто мөөнөттүү долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин
Эскертүү: кагаз түрүндөгү тиркеме начар редакцияга ээ.
2. Жетишпеген акча каражаты республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары суралсын
3. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ж.Кенжебаевге жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Таштанбек уулу Санжарга жүктөлсүн.
Төрага | Т.Т Иманалиев |