Загрузка документа…
СОӉ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Соӊ-Көл айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII-чакырылышынын кезектеги XII- сессиясы
2023-жылдын 20-февралы № 12/1
Соӊ-Көл айыл аймагынын кызмат көрсөткөн коомдук бирикмелердин тарифтери жөнүндө
Соӊ-Көл айыл аймагында ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын эксплуатациалоону,күтүүнү жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу,таштанды чыгарууну уюштуруу,ошондой эле жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу максатында алынуучу төлөмдөрдү жыйноонун,башкаруунун жана бөлүштүрүүнүн бирдиктүү системасын түзүү жана коомдук бирикмелердин кызмат тарифтерин жөнгө салуу максатында жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 жана 39 беренелеринин негизинде,Соӊ-Көл айылдык кеӊеши токтом кылат ;
1. 2023-жылга Төлөк айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого алып чыккан малдарга,жайыт акы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин
-кой-эчки-20 (жыйырма) сом
-жылкы -100(жүз) сом
-уй, бука – 100(жүз) сом
-топоз-200(эки жүз) сом
2. 2023- Жылга Төлөк айыл аймагынан тышкары келген жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого чыккан малдардын акылары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин
- кой.эчки 100 (жүз) сом
-жылкы-500(беш жүз) сом
-уй-500(беш жүз) сом
-топоз- 600(алты жүз) сом
3. Соӊ-Көл айыл аймагындагы “Көктай-булак ИСКАКБынын калкты таза суу менен камсыз кылуу акысынын тарифи түтүнгө - 100(жүз) өлчөмүндө бекитилсин.
4. Соӊ-Көл айыл аймагындагы тазалык жыйым акысы түтүнгө -25(жыйырма беш)сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Соӊ-Көл айыл аймагындагы сугат суу акысынын тарифин түтүнгө -100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төлөк айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Табылдиевке милдеттендирилсин.
Соӊ -Көл айылдык кеӊешинин төрагасы: |
Дүйшөнбек у Айдархан |