Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы
2022-жылдын 28-декабры № 94
Дара айыл аймагына мүлк салыгынын түрлөрүн киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 23-декабрындагы №024/22/03-6/4145 сандуу катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып салыктын төмөнкү түрлөрүнө мүлк салыгы киргизилсин:
1. Турак жай имараттары жана жайлары;
2. Турак жай эмес имараттар, курулмалар жана жайлары;
3. Үйдүн жанындагы жер, короо-жай жана багбанчылык-чарбак участоктору;
4. Айыл чарба жерлери;
5. Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл багытындагы эмес жерлер;
6. Ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштеген транспорт каражаттары.
2. Ушул токтомдун аткарууга алуу жагы Дара айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Ж.Үсөновко жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
Р.Сайкалова |