Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы
2022-жылдын 28-декабры № 95
Чек айылынын тургуну Айкынов Абди Аскаровичтин арызын кароо жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылынын күн чыгыш тарабындагы Ак-Мойнок кыркымканасына кичи ГЭС куруу үчүн макулдук берүү жөнүндөгү Чек айылынын тургуну А.Айкыновдун арызын карап жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылынын күн чыгыш тарабындагы Ак-Мойнок кыркымканасына кичи ГЭС курууга макулдук берилсин.
2. Кичи ГЭС куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
Р.Сайкалова |