Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы
2022-жылдын 28-декабры № 96
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылынын күн чыгыш тарабындагы Ак-Мойнок кыркымканасына кичи ГЭС куруу үчүн 2.41га жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылынын күн чыгыш тарабындагы Ак-Мойнок кыркымканасына кичи ГЭС куруу үчүн 2,41га жер аянтын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү Чек айылынын тургуну А.Айкыновдун арызын карап жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылынын күн чыгыш тарабындагы Ак-Мойнок кыркымкана участкасындагы №472-контурунда жайгашкан 0,30 га жер аянты жайыт жер, №326-контурунда жайгашкан 0,36 га жер аянты унаа жолу, №494-контурунда жайгашкан 0,40 га жер аянты аскалар, №467-контурунда жайгашкан 0,08 га жер аянты таштар, №488-контурунда жайгашкан 1,27 га жер аянты таштар “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жайдын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылынын күн чыгыш тарабындагы Ак-Мойнок кыркымкана участкасындагы 2,41га жер аянты трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрайымы |
Р.Сайкалова |