Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы
2022-жылдын 28-декабры № 97
Баткен райондук борборлоштурулган китепканалардын №20-филиалынын Жаңырык айылдык китепканасына Жаңырык айылынын тургуну маркум У.Келдибекованын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Жаңырык айылындагы Баткен райондук борборлоштурулган китепканалардын №20-филиалына Жаңырык айылынын тургуну маркум У.Келдибекованын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 2022-жылдын 15-ноябрындагы Жаңырык, Табылгы жана Коргон-Таш айылдарынын жалпы элдик чогулушунун протоколдук сунушун карап жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дара айыл өкмөтүнүн Жаңырык айылындагы Баткен райондук борборлоштурулган китепканалардын №20-филиалына Жаңырык айылынын тургуну маркум Келдибекова Ураятхандын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А.Тажибаевге тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы |
Р.Сайкалова |