Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы
2022-жылдын 28-декабры № 99
Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин атайын эсебинин сметасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Дара айылдык кеңешинин финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Токтомушованын жергиликтүү бюджетинин атайын эсебинин сметасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап ылайык Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Развитие сотрудничества и партнерства в сообществах КР» долбоорунун алкагында Эл аралык толеранттуулук үчүн фонду тарабынан айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы коомдук алдын алуу борборунун курулушуна берилген 400000 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн атайын эсебинин планына кошулуп берилсин.
2. Келип түшкөн акча каражатынын чыгымдоосу 3111 (курулуштар жана имараттар ) беренесинен жумшалсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевке тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайым |
Р.Сайкалова |