Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы
2022-жылдын 28-декабры № 100
Кайыңды айылындагы “Кайыңды” балдар бакчасынын имаратына кошумча чоң зал куруу үчүн сметасын түзүүгө керектелген чыгымдарына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кайыңды айылындагы “Кайыңды” балдар бакчасынын имаратына кошумча чоң зал куруу үчүн сметасын түзүүгө керектелген чыгымдарына акча каражатын бөлүп берүү боюнча айылдык кеңешини депутаты С.Исмайылованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кайыңды айылындагы “Кайыңды” балдар бакчасынын имаратына кошумча чоң зал куруу үчүн керектүү болгон чыгымдарынын сметасы түзүлсүн.
2. Кайыңды айылындагы “Кайыңды” балдар бакчасынын имаратына кошумча чоң зал куруу үчүн керектүү болгон чыгымдарына акча каражаты сметага ылайык жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
3. Керектүү каражаттар менен камсыздоо жага ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тажибаевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрайым |
Р.Сайкалова |