Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы
2022-жылдын 28-декабры № 101
Дара айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 13-декабрындагы №88 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дара айылдык кеңешинин финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Токтомушованын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө техникалык ката кеткендигине байланыштуу Дара айылдык кеңешинин 2022-жылдын 13-декабрындагы №88 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2022-жылдын 13-декабрындагы Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын №88 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
2. КРнын финансы министрлигинин алдындагы финансы кредиттик фондунун 2014-жылдын 25-августундагы №5-214-812-09/2014-478 карыздык милдеттенменин негизинде Дара Суусу ИСКАКБнын 426680 сом кредиттик карызы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөнүп берилсин.
3. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы KOICA уюмунун айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоору тарабынан, CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктуу колдоо долбоору тарабынан курулуш курулуучу жер аянттарынын жана турак жай үчүн берилүүчү 300 га жер аянтынын, коомдук профилактикалык борборунун имаратынын курулушу үчүн долбоорлоо сметалык иш кагаздары үчүн 600 000 (алты жүз миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Бөлүнүп берилген 1026680 сом (имараттар жана курулуштар) 3111 беренесинен (товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуу) 2215 беренесине жылдырылып берилсин.
5. Аппарат бөлүмүндөгү (учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу) 2222 беренесинен 298500 (эки жүз токсон сегиз миң беш жүз) сомду (мулкту учурдагы оңдоого чыгашалар) 2221 беренесине жылдырылып берилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевке тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайым |
Р.Сайкалова |