Редакцияот 14.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы

2021-жылдын 14-декабры № 11

ТЖКЧжЖТК тутумунун кызматкерлеринин жана жумушчуларынын штаттык бирдигине ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ

ТЖКЧжЖТК тутумунун штаттык бирдигине ѳзгѳртүү киргизүү, Кара-Ой айылдык кеңеши карап талкуулап чыгып, токтом кылат:

 

1.  Кара-Ой айылынын “Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо” тутумунунун штаттык бирдигине тѳмѳндѳгүдѳй ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:

-  Директор 15000 (он беш миӊ) сом айлык маянасы менен;

-  Директордун орун басары жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси 10000 (он мин) сом;

-  СЖОиТБО мастери 8600 (сегиз мин алты жүз миӊ) сом айлык маянасы менен;

-  Башкы эсепчи 14000 (он тѳрт миӊ) сом айлык маянасы менен;

-  Бухгалтер-кассир 10000 (он мин) сом айлык маянасы менен;

-  Ичүүчү суу боюнча оператор-инженер 7000(жети миң) сом;

-  Слесарь-оператор (бир штат) 6000 (алты миң) сом;

-  Контролерлор (эки штат)-5000 (беш миң) сом;

-  «Ортокчул», «Фрегат», «Почта», «Жүзүм», “Тельтору” скважиналарына кароолчу (5штат)-5000 (беш миң) сом;

-  Ар кыл жумушчулар (3 киши) 6000 (алты миӊ) сом айлык маянасы менен;

-  Айдоочу трактористтер, механизатор (6 киши) 6000 (алты миӊ) сом айлык маянасы менен;

-  Техникаларды оңдоочу (ремонтник) (5 киши) 6000 (алты миӊ) сом айлык маянасы менен;

-  Сварщик-ремонтник (1 киши) 6000 (алты миң) сом айлык маянасы менен;

-  Таштанды таштоочу жайынын кароолчусу менен чарбалык короонун кароолчусуна 3200 (үч миӊ эки жүз) сомдон ар бирине айлык маянасы менен;

2. «Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун» кызматкерлеринин жана жумушчуларынын аткарган кызматтарынын жана жумуштарды аткарууда, иш күнүнүн ченемге салынбагандыктан жогорудагы штаттык кызматкер жана жумушчуларынын эмгек маянасына 25% жана кароолчуларга 50% кошумча тѳлѳм кошулуп берилсин.

3.  Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

4.  Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.

 

Төрага

Дж.Ильязов