КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII – чакырылышынын кезектеги кырк алтынчы сессиясы
2021-жылдын 10-марты № 13
Аксакалдар сотунун жаңы курамын бекитүү жѳнүндѳ
Кара-Ой айыл аймагынын 2021-жылдын 03-мартындагы элдик чогулушунун №01 протоколун Кара-Ой айылдык кеңеши карап талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Кара-Ой айыл аймагынын аксакалдар сотунун мѳѳнѳтү бүткѳндүгүнѳ байланыштуу, кайрадан жаны сапаттык курамы тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин:
-Ж.Жаманкараев-аксакалдар сотунун тѳрагасы;
-Р.Аматов-аксакалдар сотунун катчысы;
Мүчѳлѳрү:
-Г.Чернов-айыл тургуну;
-К.Шамырканов;
-К.Исмаилов;
-Т.Майлыбаев;
-Т.Кулчыгачев;
-З.Кусмаилов;
-М.Исмаилов.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин “Депутаттардын иши, этика, мыйзамдуулук, укук маселелери, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен иш алып баруу” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана келишимин түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |