Редакцияот 14.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы

2021-жылдын 14-декабры № 17

Экскаватор техникасын алуу жөнүндө

Кара-Ой айылдык кенешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 07 протоколунун, Кара-Ой айыл аймагындагы кѳрктѳндүрүү иштерин ѳз убагында аткаруу максатында, Кара-Ой айылдык кеӊеши карап талкуулап чыгып, токтом кылат:

 

1.  Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнѳ каршатуу «Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо» тутумуна, Айыл Банк» ААК аркылуу лизингке JSB үлгүсүндѳгү Экскаватору, техниканын жалпы суммасынын 30%, мѳѳнѳтү 6 жыл, 16 % бир жылдык тѳлѳмү жана камсыздандыруусу менен Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен лизингке алууга уруксаат берилсин.

2.  Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана «Айыл Банк» ААК менен келишимди түүзүү, ѳздүк салым катары тиешелүү тѳлѳмдѳрүн тѳлѳп туруу жагы Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнѳ каршатуу «Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо» тутумуна милдеттендирилсин.

3.  Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнѳ каршатуу «Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо» тутумуна Экскаватор техникасын алууда, Кара-Ой айыл ѳкмѳтү «Айыл Банк» ААК алдында милдеттемелерди аткарууда тилектештик-кызматтык жоопкерчиликти аткаруучу катары катышууга укук берилсин.

4.  Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнѳ каршатуу «Турак-жай коммунадын чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо» тутумуна, Экскаватор техникасын алуу үчүн, «Айыл Банк» ААК лизинг катары техниканы алууда, «Айыл Банк» ААК менен келишимдерге кол коюуга жана башка лизинг катары техниканы алууда, аракет бѳлүмдѳрдү аткарууда айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу ТЖКЧжЖТК тутумунун директору М.Абдыкадыровго укук берилсин.

5.  Лизингдин негизги каражатын жана пайыздарын графиктик негизде тѳлѳѳ жагы Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.

6.  Ар жыл сайын атайын техниканын тѳлѳмү, жергиликтүү бюджетинин эсебинен бѳлүнүп турсун.

7.  Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

8.  Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө, тиешелүү иш кагаздарды жана келишим түзүү жагы, айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.К.Жумековго тапшырылсын.

 

Төрага

Дж.Ильязов