Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы
2022-жылдын 11-ноябры № 01
Кара-Ой айыл аймагындагы жер тилкесинин категориясын ѳзгѳртүү жөнүндө
Ысык-Кѳл районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 24.08.2022-жылдагы №01-16/916 катынын, Кара-Ой айыл аймагынын, Кара-Ой айылынын түштүк-чыгышында жайгашкан Ысык-Кѳл токой чарбасынын 14,8га жер тилкесин, “Токой фондусунун жерлери” категориясынан “ѳзгѳчѳ корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясына которуу жѳнүндѳ Ысык-Кѳл райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясынын макулдашуу баракчасынын (жер тилкесинин планы) жана корутунду актысын, Ысык-Кѳл райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ борборунун 08.08.2022-жылдагы Санитардык-эпидемиологиялык изилдѳѳ актысын жана Ысык-Кѳл райондук мамлекеттик администрациясынын 03.11.2022-жылдагы №01-13/2746 катын карап талкуулап чыгып, Кара-Ой айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Кара-Ой айыл аймагынын түштүк-чыгышын тарабында жайгашкан Ысык-Кѳл токой чарбасынын 14,8га жер тилкесин, “Токой фондусунун жерлери” категориясынан “Өзгѳчѳ корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы Э.К.Жумековго тапшырылсын.
Төрага | Дж.Т.Ильязов |