Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-февралы № 20/64
Кызыл-Кыя шаарындагы коомдук алдын алуу борборлорунун (КААБ) курамын жана 2023-жылга карата иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27,34 беренелерине жана Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин регламентине негиз, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 1-февралындагы № 8 протоколуна ылайык жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри А. Маткалыковдун 2022-жылдын 21-декабрындагы №01-8/1222 кайрылуу катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл-Кыя шаарында Коомдук алдын алуу борборлорунун (КААБ) ишин жандандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы №60 «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» Мыйзамынын, 2005-жылдын 25-июнундагы №82 Кыргыз Республикасындагы «Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы №747 Токтому менен бекитилген Коомдук алдын алуу борборлорунун типтүү уставынын 28-пунктуна ылайык Кызыл-Кыя шаарындагы коомдук алдын алуу борборлорунун (КААБ) курамы 1-тиркемеге ылыйык, 2023-жылга карата иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Калматов |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2023-жылдын 17-февралындагы №20/64 токтомуна 1- тиркеме |
Кызыл-Кыя шаарынын аймагында «Кызыл-Кыя-1» коомдук алдын алуу борборунун коомдук кеңешинин КУРАМЫ
1. Хамракулова Р - | КААБ төрайымы, кварталдык комитеттин башчысы |
Мүчөлөрү:
| |
2. Эрматов М - | Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери (макулдашуу боюнча) |
3. Сайпидинов К - | Кызыл-Кыя шаарынын борбордук мечитинин имам- хатиби |
4. Галаматова С - | шаардык кенештин депутаты |
5. Жороева М - | шаардык аялдар кеңешинин төрайымы |
6.Зулпухарова З - | Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкери |
7. Таштемиров А - | Кызыл-Кыя шаардык жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт секторунун башчысы |
8. Жуманазаров А - | «Мезгил жарчысы» гезитинин редактору |
9. Авчиева А - | Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын башкы адиси – юрист. |
Кызыл-Кыя шаарынын аймагында «Кызыл-Кыя-2» коомдук алдын алуу борборунун коомдук кеңешинин КУРАМЫ
1 | Мурзаев Я - | КААБ төрагасы, Караван айылынын тургуну |
Мүчөлөрү:
| ||
2. | Маматкайымов С - | Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери |
3. | Турдубаев А - | Караван айылынын айыл башчысы |
4. | Мадумаров Т - | Жин-Жиген айылынын айыл башчысы |
5. | Саидбаев М - | Ак-Булак айылынын айыл башчысы |
6. | Касымова М - | №8 кесиптик лицейинин директору, шаардык кеңештин депутаты |
7. | Далибаев Т - | ички иштер органдарынын ардагери; |
8. | Каримов А - | шаардык кеңештин депутаты |
9. | Маматов У - | №9 орто мектебинин директору |
10. | Каарова А - | аялдар кеңешинин торайымы |
11. | Имам хатиб |
|
Аппарат жетекчи | У. Дарипова |