Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-февралы № 20/65
Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылындагы мал базардын иштөөсү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, “Караван” АБнын башчысы Н.Кыпчаковдун маалыматын угуп жана депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылындагы мал базардын иштөөсү жөнүндө Караван АБ башчысы Н. Кыпчаковдун маалыматы эске алынсын.
2. Караван айылындагы мал базардын иштөөсүнө талаптагыдай шарттарды түзүү мал базардын ээси Э.Садировго жүктөлсүн.
3. Мал базардагы соода жүргүзүү үчүн элге түзүлгөн шарттарды жайында барып көрүп, кайра сессиянын кароосуна алып чыгуу шаардык кеңештин туруктуу комиссиясына (Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясы) жүктөлсүн.
4. Малдан жугуучу оорулардын алдын алуу жана толук кандуу иш жүргүзүү максатында Кызыл-Кыя шаарына кошумча 2 ветеринар штатын бөлүп берүү жагы Баткен областтык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тапшырылсын.
Төрага | Ж. Калматов |