Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-февралы № 20/67
Кызыл-Кыя шаарынын Жин-Жиген айылындагы А. Осмонов атындагы толук эмес орто мектеби жана ФАП жайгашкан көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум О. Хаджимуратовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңешинин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 1-февралындагы №8 протоколуна ылайык жана “Караван” АБнын башчысы Н. Кыпчаковдун 2023-жылдын 23-январындагы №02-8/15 кайрылуу катын эске алып, ардагерлердин басып өткөн жолун жаш муундарга өрнөк катары көрсөтүү, алардын ысымдарын түбөлүккө эскерүү максатында, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын Жин-Жиген айылындагы А. Осмонов атындагы толук эмес орто мектеби жана ФАП жайгашкан көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум Орунбай Хаджимуратовдун ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомго ылайык тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо, кабыл алынган токтомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы филиалына, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Кызыл-Кыя шаардык “03-03” аймактар аралык бөлүмүнө каттоого жана аткарууга жөнөтүү, тургундарга маалыматты жеткирүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Калматов |