Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-февралы № 20/68
Кызыл-Кыя РЭТнын 2022-жылда аткарган иштери жана азыркы күндө шаардагы трансформаторлорду баланска алуу иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, шаардык кенештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 23-январындагы № 27 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя РЭТнын 2022-жылда аткарган иштери жана азыркы күндө шаардагы трансформаторлорду баланска алуу иштери жөнүндө Кызыл-Кыя РЭТнын башчысынын маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл-Кыя РЭТнын башчысы Н.К.Ташановко:
- шаар калкынын жана мекеме –ишканалардын электр энергияны пайдаланууда лимиттен ашырбоо жана электр энергияны үнөмдөө боюнча иш-чараларды жүргүзүү жагын көзөмөлдөө ;
- шаар аймагындагы электр мамычаларынын жана трансформаторлордун абалын такай көзөмөлдөп туруусу жана аларды баланска алуу иштерин активдештирүү;
-РЭТ тарабынан баланска алынбаган 21 даана трансформаторду баланска алууну 3 айга чейин аяктоону жана электрэнергияга мыйзамсыз уланып алган абоненттерди үзүп, аны калыбына келтирүү иштерин 6 ай ичинде аягына чыгаруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Калматов |