Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-февралы № 20/69
Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин балансында турган автопарковкаларды акысыз кылуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине, шаардык кеңештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 23-январындагы № 27 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин балансында турган автопарковкаларды акысыз кылуу жөнүндө Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын алдындагы ММДнын башчысы И.Салиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Бул маселе Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын кайрадан карап чыгуусуна кайтарылсын.
3. Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясы Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын алдындагы ММД менен биргеликте:
-шаар аймагындагы муниципалдык менчик департаментинин балансында турган автопарковкаларды иштетүү боюнча түзүлгөн келишимдерди кайрадан карап чыгуу;
-келишимдердин мөөнөтү аяктаганда кайрадан конкурска берүү;
-жаны түзүлүүчү келишимдерде: келишимдердин мөөнөтү, шаардык кенештин чечими менен бекитилген тарифтин суммасы белгиленип жана жыйымдарды өз мөөнөтүндө төгүү, автопарковкалардын санитардык абалын сактоо, автопарковкалардын өз багытында гана иштөөсү, бул шарттар бузулганда келишимди бир тараптуу бузуу боюнча шарттар камтылууга тийиш.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Калматов |