Сравнение редакций…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-февралы № 20/70
“Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык автоунаа” ишканасын ачуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине жана шаардык кенештин Ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 14-февралындагы №20 чечимине негиз, шаар мэри А.Маткалыковдун жана шаардык кеңештин депутаттарынын берген сунуштарын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык автоунаа” ишканасын ачууга уруксат берилсин.
2. “Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык автоунаа” ишканасынын Жобосу бекитилсин, тиркеме 1.
3. “Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык автоунаа” ишканасынын штаттык курамын жана чыгашалар сметасын иштеп чыгып, шаардык кеңештин бекитүүсүнө сунуштоо жагы шаар мэри А.Маткалыковго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Калматов |
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-февралы № 20/70
“Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык автоунаа” ишканасын ачуу жөнүндө
(Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 27/98 токтомунун редакциясына ылайык)
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине жана шаардык кенештин Ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 14-февралындагы №20 чечимине негиз, шаар мэри А.Маткалыковдун жана шаардык кеңештин депутаттарынын берген сунуштарын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кызыл-Кыя шаардык автоунаа” муниципалдык ишканасы” ачууга уруксат берилсин.
(Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 27/98 токтомунун редакциясына ылайык)
2. “Кызыл-Кыя шаардык автоунаа” муниципалдык ишканасы” Жобосу бекитилсин, тиркеме 1.
(Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 27/98 токтомунун редакциясына ылайык)
3. “Кызыл-Кыя шаардык автоунаа” муниципалдык ишканасынын штаттык курамын жана чыгашалар сметасын иштеп чыгып, шаардык кеңештин бекитүүсүнө сунуштоо жагы шаар мэри А.Маткалыковго милдеттендирилсин.