КӨТӨРМӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезексиз VII чакырылыш XХIII сессиясы
2023-жылдын 13-марты № 23/1
Көтөрмө айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата калдык акчаны кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, ФЭБ нүн башчысынын баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин 11-май 2022-жылдагы №05-4/5227 сандуу катына негиз айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Көтөрмө айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 2023-жылдын 1-январына карата калдыктын эсебинен 2034 000 ( эки миллион отуз төрт миң) сом төмөндөгү максаттарга ажыратылсын
1. Видеокөзөмөл сатып алып, орнотууга 200.0 (эки жүз миң) сом
2. Таштанды таштоочу урналарды сатып алып, орнотууга 500.0 (беш жүз миң) сом
3. Күн нурунан кубат алуучу лампаларды сатып алып, орнотууга 500.0(беш жүз миң) сом
4. Көтөрмө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депуттарынын башка аймактарга барып тажырыйба алмашуусуна 210 000 (эки жүз он миң) сом
5. Көтөрмө айылдык Кеңешинин депутаттарын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн окуу-семинарлардан өткөрүү үчүн 150 000 (бир жүз элүү миң) сом
6. Көтөрмө айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин окуу-семинарларына катышуусу үчүн 60 000 (алтымыш миң) сом.
7. Тамаша айылында таштанды таштоочу жай курууга 100 000 ( жүз миң) сом
8. Көтөрмө айылындагы таштанды таштоочу жайдын айланасын тосууга 50 000 (элүү миң) сом
9. Көтөрмө айылындагы тигүү цехинин айланасын тосуу боюнча Кадамжай райондук эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция башкармалыгы, Көтөрмө айылдык фонду, Көтөрмө айылдык ден соолук комитети (АДК) тарабынан каржыланып жаткан долбоорду колдоого 50 000 (элүү миң) сом.
10. . Кызыл-Булак айылындагы №9 /БДТ нун имаратынын оңдоп -түзөө иштерине 214 000 (эки жүз он төрт миң) сом
2. Калдык каражаттын калган бөлүгү 2023-жыл ичинде КР Финансы Министрлиги тарабынан белгиленген багыттар боюнча чыгымдарга пайдаланылсын.
3. Акча каражатын багыттар боюнча максаттуу пайдалануу жана бөлүп берүү ФЭБнүн башчысы У. Мадумаровго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансылык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Бактыбаев |