Редакцияот 13.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨТӨРМӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көтөрмө айылдык кеңешинин кезексиз VII чакырылыш XХIII сессиясы

2023-жылдын 13-марты № 23/2

Көтөрмө айыл аймагында «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү жана натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планын аткаруу» жана айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча түзүлгөн иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аркеттер жөнүндө” ПЖ №305 Жарлыгына жана айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 20-декабрындагы №192 буйругуна негиз Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. « Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аркеттер планын аткаруу” жана Көтөрмө айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча түзүлгөн Көтөрмө айыл өкмөтүнүн иш чаралар планы ылайык бекитилсин.

 

2. Айыл аймакта жыл сайын апрель айынын 3-ишембиси жана сентябрь айынын 3-ишембиси “Улуттук тазалык күнү” деп белгиленсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көтөрмө айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы Р. Таабалдиевге жүктөлсүн.

 

Төрагасы:

А. Бактыбаев