Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2023-жылдын 1-сентябры № 151/26-5
Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы №112/21-5 “Токмок шаарынын 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 29-августундагы №1-22/2614 кайрылуусунун жана 2023-жылдын 01-сентябрындагы Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 105-беренесине ылайык, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы №112/21-5 “Токмок шаарынын 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомунун “Токмок шаарынын 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу” 1-тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
-“Салык агенти төлөөчү киреше салыгы” 11111100 беренеси боюнча “181130,6” деген цифра “185130,6” деген цифрага алмаштырылсын;
-“Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы” 11111200 беренеси боюнча ”1100,0” деген цифра “4100,0” деген цифрага алмаштырылсын;
-“Патенттин негизинде салык” 11122300 беренеси боюнча “41000,0” деген цифра “43400,0” деген цифрага алмаштырылсын;
-“Турак жайга же жайга мүлк салыгы” 11311100 беренеси боюнча “1650,0” деген цифра “2650,0” деген цифрага алмаштырылсын;
-“Жеке жактардын транспорттук каражаттарын мүлк салыгы” 11312200 беренеси боюнча “13500,0” деген цифра “13801,2” деген цифрага алмаштырылсын.
2.Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы №112/21-5 “Токмок шаарынын 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин жана бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берилсин:
Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы боюнча түзүлгөн келишимдердин суммасынан үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен жалпысынан 1257,0 миң сомго азайтылсын, анын ичинен: «З.Космодемьянская көчөсүн (Ленин көчөсүнөн Бишкек-Торугарт жолуна чейин) капиталдык оңдоодон «Имараттар жана курулмалар» 3111 беренесинен 600,0 миң сом суммасында жана №5 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылытуу системасын оңдоо «Мүлктү учурдагы оңдоо» 2221 беренесинен 657,0 миң сом суммасында жана төмөнкү жумуштарга багытталсын:
-Токмок шаары, Дунларов 274 көчөсүндө жайгашкан “Аманат Токмок” мектебинин имаратын учурдагы оңдоп-түзөө жумушуна Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын “Мүлктү учурдагы оңдоого чыгашалар” 2221 беренесине - 500,0 миң сом суммасында;
-Токмок шаарындагы №7 орто мектебинин ички санитардык объектилерин реабилитациялоо үчүн МерсиКо менен биргелешкен каржылоо жумушуна Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын “Мүлктү учурдагы оңдоого чыгашалар” 2221 беренесине - 390,0 миң сом суммасында;
-үлүштүк дем берүүчү грант линиясы боюнча №8 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын жылуулук системасын оңдоо үчүн кошумча жумушуна Токмок шаарынын мэриясынын “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесине - 367,0 миң сом суммасында;
3.Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 10701,2 миң сом суммага көбөйүшүнүн эсебинен Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу төмөндөгү иш-чараларды каржылоого макулдук берилсин:
-Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн имаратынын жылуулук системасын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесине 4794,0 миң сом суммасында;
-№7 орто мектебинин аймагына кичи футбол аянтчасын курууга “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесине 4627,1 миң сом суммасында;
-№8 мектепке чейинки билим берүү уюмунун 2 жаңы тайпасын кошумча ачууга 1280,1 миң сом жалпы суммасында, анын ичинен “Машиналар жана жабдуулар” 3112 беренесине 788,0 миӊ сом суммасында, “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” 2222 беренесине 492,1 миӊ сом суммасында.
4.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын начальниги (Эсеналиев М.Т.) тиешелүү өзгөртүүлөрдү ушул токтомдун пункттарына ылайык жүргүзсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М.Сансызбаев |