Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2023-жылдын 3-августу № 135/24-5
Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы №112/21-5 “Токмок шаарынын 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 4-июлундагы №1-22/2028, №1-22/2023, 5-июлундагы №1-22/2029, 17-июлундагы №1-22/2165, №1-22/2166, 18-июлундагы №1-22/2174 кайрылууларынын жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 19-июлундагы отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине ылайык, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Токмок шаардык кенешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы №112/21-5 “Токмок шаарынын 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомунун “Токмок шаарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана 2024-25-жылдарга болжолу” 1-тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
-“Салык агенти төлөөчү киреше салыгы” 11111100 беренеси боюнча “162 773,0” деген цифра “181 130,6” деген цифрага алмаштырылсын;
-“Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы” 11111200 беренеси боюнча “0” деген цифра “1 100,0” деген цифрага алмаштырылсын;
-“Патенттин негизинде салык” 11122300 беренеси боюнча “36 000,0” деген цифра “41 000,0” деген цифрага алмаштырылсын;
- “Турак жайга же жайга мүлк салыгы” 11311100 беренеси боюнча “250,0” деген цифра “1 650,0” деген цифрага алмаштырылсын;
-“Турак жай эмес имаратка жана жайга мүлк салыгы” 11311200 беренеси боюнча “12 690,0” деген цифра “14 490,0” деген цифрага алмаштырылсын;
-“Жеке жактардын транспорттук каражатына мүлк салыгы” 11312200 беренеси боюнча “11 000,0” деген цифра “13 500,0” деген цифрага алмаштырылсын;
-“Жанаша, короо жай жана багбанчылык-огород жер участокторуна мүлк салыгы” 11321100 беренеси боюнча “3500,0” деген цифра “4000,0” деген цифрага алмаштырылсын;
-“Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерге мүлк салыгы” 11321300 беренеси боюнча “14 180,0” деген цифра “16 980,0” деген цифрага алмаштырылсын;
-“Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы” 14152100 беренси боюнча “7 800,0” деген цифра “8 735,6” деген цифрага алмаштырылсын;
-“Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын, курулмалардын, жабдуулардын жана техникалардын ижара акысы” 14211200 беренеси боюнча “3 300,0” деген цифра “3 749,3” деген цифрага алмаштырылсын.
2.Бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууну жүргүзүү 1,2,3-тиркемелерге ылайык макулдук берилсин.
3.Макулдук берилсин:
- №13 толук эмес орто мектебинин терезе-эшик блокторун алмаштырууга 4900,0 миң сом суммасында, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын чыгашалар сметасында “Мүлктү учурдагы оңдоого чыгашалар” 2221 беренеси боюнча 2023-жылдын 1-январына карата эркин калдыктын эсебинен мурда каралган Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы №113/21-5 токтомуна ылайык, бюджеттик ассигнованиелердин пайдаланылбагандыгына байланыштуу, анын ичинен 2000,0 миӊ сом суммасында максаттуу багытын өзгөртүүгө;
-“Мүлктү учурдагы оңдоого чыгашалар” 2221 беренесинен (Токмок ш. ММБ) 2000,0 миң сом суммасында, “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесине Слободской көчөсүнүн жолун капиталдык оңдоо үчүн 1000,0 миң сом суммасында, “Резервдик фонду” 2824 беренесине 1000,0 миң сом суммасында (Токмок ш. мэриясы) бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга.
4.Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгынын ашыкча аткарылышынын эсебинен, “Токмок Водоканал” МИсы аркылуу, “Каржылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” 2511 беренеси боюнча (Токмок ш. мэриясы) ишке ашырылып жаткан “Токмок шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациясын реабилитациялоо” долбоорунун пайыздары боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды жабууга 12 000,0 миң сом суммасында акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
5.Токмок шаардык кеӊешинин 2022-жылдын 28-январындагы №30/9-5 “Токмок шаарынын 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомунун 10-пунктуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
-“Токмок ш. жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүнүн кызматкерлеринин кызмат акысына үстөк акы турак-жай – коммуналдык кызмат көрсөтүүгө ай сайын берилүүчү 3500,0 сом суммасында белгиленсин” 2-абзацындагы сөздөр “Токмок ш. жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүнүн кызматкерлеринин кызмат акысына үстөк акы транспорттук чыгымдар үчүн айына 2000 сом өлчөмүндө жана тамактануу үчүн айына 5000 сом өлчөмүндө белгиленсин” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын начальниги (Эсеналиев М.Т.) тиешелүү өзгөртүүлөрдү ушул токтомдун пункттарына ылайык жүргүзсүн.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М.Сансызбаев |