Редакцияот 06.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

2023-жылдын 6-июлу № 19

Калкты таза суу менен камсыз кылуу жана таштанды чыгаруу боюнча "Таза-Суу-Тазалык" муниципалдык ишканасынын жүргузгөн иштери жөнүндө

Калкты таза суу менен камсыз кылуу жана таштанды чыгаруу боюнча "Таза-Суу-Тазалык" муниципалдык ишканасынын жүргузгөн иштери тууралуу аты аталган ишкананын жетекчиси Н.Ибраимовдун маалыматын угуп,талкуулап Үч-Төбө айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Калкты таза суу менен камсыз кылуу жана таштанды чыгаруу боюнча "Таза-Суу-Тазалык" муниципалдык ишканасынын жүргузгөн иштери канааттандырарлык деп белгиленсин

 

2. Калктан алынуучу төлөмдөр жана алардын сарпталуусу жөнүндө ай сайын айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнө отчет берүү жагы "Таза-Суу-Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Ибраимовго милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Н.Мадакимовго жүктөлсүн

 

Төрага:

Асантай уулу А