Редакцияот 06.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

2023-жылдын 6-июлу № 21

Үч-Төбө айыл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Босого айылындагы А.Тукеев атындагы орто мектебинин эски имаратын бузуу жөнүндө

Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Босого айылындагы А.Тукеев атындагы орто мектебинин эски имараты 1957-жылы ашар жолу менен курулуп азыркы мезгилде эскилиги жетип,пайдаланылбай тургандыгына байланыштуу Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 3-июлундагы №225 сунуш катын негиз кылып,айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп,талкуулап Үч-Төбө айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 3-июлундагы №225 сунуш катын негизинде айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Босого айылындагы А.Тукеев атындагы орто мектебинин эски имараты 1957-жылы ашар жолу менен курулуп азыркы мезгилде эскилиги жетип, пайдаланууга мүмкүн болбой тургандыгына байланыштуу бузууга уруксат берилсин

 

2.Эски имараттарды бузуудан чыккан материалдарды эсепке алуу жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы бюджеттик мекеме ишканаларга пайдаланууну көзөмөлгө алуу, бөлүштүрүү боюнча атайын айыл өкмөтүндө комиссия түзүлсүн

 

3.Эски имараттарды бузуудан чыккан курулуш материалдарын эсепке алуу, пайдалануу боюнча баардык жоопкерчилик айыл өкмөтүндө түзулүүчү комиссиянын курамына жүктөлсүн

 

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге тапшырылсын

 

Төрага:

Асантай уулу А