Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫ ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакыруу, №5-сессиялык отурум
2023-жылдын 17-марты № 11
Жайыл айыл аймагынын территориясында таштанды таштагандык үчүн айып салууну бекитүү тууралуу
“Жайыл айыл аймагынын территориясында таштанды таштагандык үчүн айып салуу боюнча” “Жайыл Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын директору Б.М. Баймонкоевдин кайрылуусун карап жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Жайыл айыл аймагынын территориясында таштанды таштагандык үчүн 5 500 (беш миң беш жүз) сом айып салуу бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Жайыл Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын директору Б.М. Баймонкоевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
А.А. Мамбеткулов |