Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫ ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакыруу, №5-сессиялык отурум
2023-жылдын 17-марты № 13
Жайыл айыл аймагынын территориясында жеке турак-жай курулушунун алкагында жер аянтынын өлчөмүн бекитүү тууралуу
Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевдин Жайыл айыл аймагынын территориясында жеке турак-жай курулушунун алкагында жер аянтынын өлчөмүн бекитүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Жеке турак-жай куруу үчүн жаңыдан бөлүнгөн короо жер участогунун тилкеси Жайыл айыл аймагынын жарандарына – 0,15 га жер аянты менен бекитилсин.
2. Ушулу токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
А.А.Мамбеткулов |