Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫ ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакыруу, №5-сессиялык отурум
2023-жылдын 17-марты № 14
Чөп жана эгинге мал менен зыян келтиргендерге айып салууну бекитүү тууралуу
Чөп жана эгинге мал менен зыян келтиргендерге айып салууну талкуулап жана карап чыгып, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Чөп жана эгинге мал менен зыян келтиргендерге төмөнкүчө айыптар бекитилсин:
– бир баш кой – 2000 сом;
- бир баш уй – 5000 сом;
- бир баш ат – 5000 сом;
- бош жүргөн иттерге – 1000 сом.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
А.А.Мамбеткулов |