Редакцияот 29.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫ ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

VII-чакыруу, №6-сессиялык отурум

2023-жылдын 29-марты № 16

Жайыл айыл аймагындагы айыл четтериндеги жана аймактан тышкары малдарын жайытка чыгуу ижара тарифин бекитүү жөнүндө

Жайыл айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасынын кайрылуусун карап жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде жана жайыттарды эффективдүү колдонуу максатында, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы

 

токтом кылат:

 

1. Жайыл айыл өкмөтүнүн жашаган жарандары үчүн малдын жайытка чыгуу ижара баасы төмөндөгүдөй бекитилсин:

- Айыл четтериндеги жайытына:

     - Ири мүйүздүү малга                   - 100 (жүз) сом ар бир башына;

     - Жылкыга                                       - 100 (жүз) сом ар бир башына;

     - Койго                                              - 20 (жыйырма) сом ар бир башына.

- Аймактан тышкары жайытына:

     - Ири мүйүздүү малга                   - 100 (жүз) сом ар бир башына;

     - Жылкыга                                       - 100 (жүз) сом ар бир башына;

     - Койго                                              - 20 (жыйырма) сом ар бир башына.

2. Жайыл айыл өкмөтүндө жашабаган, башка айылдын, райондун, шаардын жарандары үчүн, малдын жайытка чыгуу ижара баасы төмөндөгүдөй баада бекитилсин:

- Айыл четтериндеги жайытына:

     - Ири мүйүздүү малга                   - 150 (бир жүз элүү) сом ар бир башына;

     - Жылкыга                                       - 150 (бир жүз элүү) сом ар бир башына;

     - Койго                                              - 50 (элүү) сом ар бир башына.

- Аймактан тышкары жайытына:

     - Ири мүйүздүү малга                   - 150 (бир жүз элүү) сом ар бир башына;

     - Жылкыга                                       - 150 (бир жүз элүү) сом ар бир башына;

     - Койго                                              - 50 (элүү) сом ар бир башына.

3. Жайыл айыл аймагынын ЖПК Жайыт комитетинин төрагасы (Кулахматов Д.Ш.):

- 2023-2024-жылдарга жайыт пайдалануучулардын тизмесин түзсүн;

- 40 (кырк) баш жана андан ашкан кой, эчкилери бар жарандарды айыл аймактын алыскы жайытына чыгуусун милдеттендирсин;

- 5 (беш) баш жана андан ашкан ири мүйүздүү малы бар жарандарды айыл аймактын алыскы жайытына чыгуусун милдеттендирсин;

- 5 (беш) баш жана андан ашкан жылкылары бар жарандарды айыл аймактын алыскы жайытына чыгуусун милдеттендирсин;

- ар бир чейрек сайын Жайыл айыл аймагынын ЖПК Жайыт комитети келип түшкөн акча каражаты тууралуу маалыматты Жайыл айыл аймагынын ЖПК Жайыт комитетинин маалымат тактасына илинсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.

 

Жайыл айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.А.Мамбеткулов