ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫ ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакыруу, №9-сессиялык отурум
2023-жылдын 31-майы № 20
Кошумча сметаны бекитүү жөнүндө
2023-жылдын 5 айында жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгы боюнча Жайыл айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүгнүн планы 945,0 миң сомго көбөйгөн, анын ичинде:
- киреше салыгы боюнча 650,0 миң сом;
- 2-топтогу мүлк салыгы боюнча 75,0 миң сом;
- айыл чарба багытындагы эмес жерлерге жер салыгы боюнча 220,0 миң сом;
ошондой эле Жайыл айыл өкмөтүнүн берилген материалдарын угуп жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кошумча сметасы бекитилсин:
№ | Бөлүм | Статьясы | Суммасы | Эскертүү |
1 | 706-ТЖКЧ | 31113 320-жолдорду капиталдык оңдоо | 712 000 | “Жайыл айыл өкмөтүнүн Алексеевка айылындагы Мира көчөсүнүн 570 м узундуктагы асфальт-бетон төшөлмөсүн оңдоо” дем берүүчү гранттын кошумча төлөмү |
2 | 706 - ЖКХ | 22221 200 “Канцелярдык жана чарба товарлары” | 83 000 | Көчөлөрдү жарыктандырууну оңдоо жана башка максаттар үчүн электр жана чарбалык буюмдарды сатып алуу |
3 | 70911- «Жайыл Ата» б/б | 22181 100 “Тамак аш сатып алууу” | 100 000 |
|
4 | 70823 - ДК с.Жайыл | 22211 100 «Имараттарды жана жайларды утурумдук оңдоо | 50 000 | Клубдун кире беришин бетондоо |
Баардыгы: 945 000 (Тогуз жүз кырк беш миң) сом 00 тыйын | ||||
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
А.А.Мамбеткулов |