Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫ ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакыруу, №12-сессиялык отурум
2023-жылдын 4-августу № 26
Кошумча сметаны бекитүү жөнүндө
2023-жылдын 7 айында жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгы боюнча Жайыл айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы 610,0 миң сомго көбөйгөн, анын ичинде:
- Киреше салыгы боюнча 275,0 миң сомго;
- 1-топтогу мүлк салыгы боюнча 80,0 миң сомго;
- 2-топтогу мүлк салыгы боюнча 15,0 миң сомго;
- айыл чарба жерлеринин мамлекттик фондусунун жерлерин ижарага берүү 220,0 миң сомго,
Ошондой эле Жайыл айыл өкмөтүнүн берилген матриалдарын карап жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Кошумча смета бекитилсин:
№ п/п | бөлүм | Статьясы | сумма | эскертүү |
1 | 70111 - Аппарат | 22154100 “өкүлчүлүк чыгымда” | 20 000 | Көз карандысыздык күнү |
|
| 22154900 “Башка чыгымдар” | 100 000 | Газетага жазылууга |
1 | 70629 – ТЖКЧ | 22221 200 “Канцелярдык жана чарба товарлары” | 18 000 | Футбол формасы |
100 000 | “Акылдуу” счетчиктерин сатып алуу | |||
2 | 70921- АСШ | 2224 – Көмүр сатып алуу | 372 000 | Көмүр |
БААРДЫГЫ | 610 000 (Алты жүз он миӊ) сом 00 тыйын | |||
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
А.А.Мамбеткулов |