Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫ ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакыруу, №12-сессиялык отурум
2023-жылдын 4-августу № 27
Жайыл айыл өкмөтүнүн балансынан кээ бир негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө
Жайыл айыл өкмөтүнүн берилген материалдарын угуп жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Жайыл айыл өкмөтүнүн балансынан төмөнкү көрсөтүлгөн негизги каражаттарды бузууга уруксаат берилсин:
№ п/п | Негизги каражаттын аталышы | Салынган жылы | Даанасы | Бузуу үчүн негиздер |
1 | “Колосок” бала-бакчасынынбастырмасы | 1969-жыл | 2 | 2023-жылдын 14-апрелиндеги актысы |
2 | Алексеевка айылынын башталгыч мектептин имараты | 1961-жыл | 1 | 2023-жылдын 05-июнундагы корутундусу |
2. Төмөнкү курамдагы комиссиясы негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө актысын түзүшсүн форма (ОС-4):
- Баймонкоев Б.М. – айылдык кеңешинин депутаты;
- Айткулуева Э.Н. – айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысынын м.а.;
- Джандралиев Ч.Дж. – айыл өкмөтүнүн укуктук маселелер боюнча башкы адиси.
3. Көрсөтүлгөн объектилер бузулгандан кийин калган материалдык баалуулуктарын көрсөтүлгөн кызмат үчүн акы катары иш аткаруучуларга өткөрүлүп берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
А.А.Мамбеткулов |