Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫ ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакыруу, №12-сессиялык отурум
2023-жылдын 4-августу № 29
Алексеевка айылынын 8-март көчөсүнүн атын которуу боюнча
Алексеевка айылынын көчөсүнүн атын которуу боюнча материалдарды карап, элдик жыйындын иш-баяндамасын жана 8-март көчөсүнүн жашоочуларынын макулдугун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” жобосунун 2-пунктуна ылайык, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. 8-март көчөсүнүн жашоочуларынын “Алексеевка айылынын 8-март көчөсүнүн атын Райимкул уулу Баатырбек деп атоо тууралуу” сунуштамасы эске алынсын.
2. “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” жобосунун 2-пунктуна ылайык Алексеевка айылынын 8-март көчөсүнүн аты “Райимкул уулу Баатырбек” деп аты өзгөртүлсүн.
3. Эскертмелерди жасоо жана орнотуу өндүрүштүк каржылоону демөөрчүлөргө жана жергиликтүү коомго таандык кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
________________________________________________________________________________________________________
Таркатылсын: иш жүзүнө, “Кадастр” МБка, Архитектурага, Жарандарды каттоо жана эсепке алуу Департаментине.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
А.А.Мамбеткулов |